Асылбек Жээнбеков: "Парламенттик демократияны өнүктүрүүдөгү катаал жолду ийгиликтүү басып өтүп жатабыз"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 26-ноябрда Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Галуст Саакян менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык жана жакында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо маселеси талкууланды.

Жээнбеков шайлоого байкоочу жибергени үчүн Армения тарапка ыраазычылык билдирип, жаңы ыкма - биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоонун өтүшү оң жыйынтык бергенин айтты. “Биз үчүн парламенттик демократия маанилүү, аны өнүктүрүүдөгү катаал жолду ийгиликтүү басып өтүп жатабыз”,- деди төрага.

Сүйлөшүүдө Армения тараптын Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө документтерди ратификациялоо боюнча мамлекеттин ичиндеги процедураларды ыкчам жүргүзгөндүгү да белгиленди. Тараптар соода-экономикалык мамиленин деңгээлин көтөрүү жаатында да пикир алышканын билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан