Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары эшектерди баккан кытайлык ишкана бүгүн, 10-декабрдан тартып ишмердүүлүгүн токтотпосо, сарайда багылып жаткан эшектерди таратып жиберишерин айтышууда. Муну SUPER.KG порталына аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Нияз Козуев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча эки жолу жалпы элдик жыйын болуп өттү. Ага жергиликтүү тургундар, тиешелүү кызмат адамдары жана эшектерди багып жаткан кытайлык "Во Ви Щы" ишканасынын өкүлдөрү катышкан.
"Алардын жүргүзүп жаткан иштери элибиздин менталитетине, салтына туура келбегендигин эске алып, жыйында ишканага Көк-Жар айыл аймагынан жаныбарларды 10-декабрга чейинки мөөнөттө алып чыгып кетүү талабы коюлган. Бүгүн ушул маселе боюнча дагы эл чогулганы жатат. Ал жерде 400дөн ашуун эшек бар. "Алар союлуп, эти элге таратылды" деген далил жок болсо да, мунун алдын алуу максатында эл ушул кадамга барып жатат. Талап аткарылбаса, эшектер элге таратылат, багылып жаткан сарайдан чыгарылат",- деди айыл өкмөт башчысы.
Эшек этин экспорттоо менен алектенген кытайлык "Во Ви Щы" ишканасынын директору Ма Цзынь И маалымат жыйын өткөрүп: "Биз мыйзам чегинде иштеп жатканбыз. Жалган маалымат тарап, учурда ишибизди убактылуу токтотууга туура келди",- деди.
Анын айтымында ишкана Кыргыз Республикасында иш алып баруу үчүн Юстиция министрлигинен атайын каттоодон өтүп, уруксат кагаздарын алган. "Эшектерди Кытайга жөнөтүү үчүн чогултуп жатканбыз, баары мыйзам чегинде гана болууда. Биз бул жерде өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызды ойлобостон, жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу үчүн күнөсканаларды да куруп жатабыз. Албетте, жарандар тутунган динди сыйлайбыз. Жылкылардын, эшектердин терилерин, койдун, уйдун этин жана тирүү эшектерди экспорттоого кыргыз өлкөсүндөгү тийиштүү органдардан жана Кытайдын өкмөтүнөн импорт боюнча лицензия алганбыз",- деди Ма Цзынь И. Ишкер белгилегендей, эшек эттери Кытайда чүйгүн тамак болуп саналат жана ага жараша баасы да кымбат турат.
Ишкананын кыргыз жериндеги өкүлү Нуржан Канхожоев болсо гезиттердин бирине "кытайлык ишкананы мамлекеттик ишмер, саясатчылар калкалашат..." деп жарыяланган маалымат чындыкка жатпай турганын айтты.
"Компания Кытайдагы Ганьсу провинциясынын башкармалыгынын колдоосу менен иштеп жаткан. Продукцияны ташууга кыргыз өкмөтү көмөктөшмөк. Фирманын айланасындагы чыр-чатак экономикалык жактан кызматташууга терс таасирин тийгизери бышык. Бул кыргыз жериндеги инвестициялык климатка дагы кедергисин тийгизет. Ошол эле учурда биз Кыргыз Республикасы менен Кытайдын кызматташтыгы дагы бекемделет деген ишеничтебиз. Импорт жана экспорттун көлөмү жогорулап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүнө жакшы салым кошобуз деген ниеттебиз. Учурдагы кырдаал боюнча Кытайдын айыл чарба тармагындагы мамлекеттик ишмерлери атайын иш сапары менен кыргыз жерине келгени жатышат",- дейт Н.Канхожоев.
Жыл башында эшек эттери Бишкектеги кафелерге таратылып жаткандыгы боюнча да маалымат тараган эле. Анда дагы ишкерлер Кытайга жөнөтүү үчүн эшектерди союп жаткандыгын айтып чыгышкан. Өлкө аймагында быйыл терилери сыйрылган эшектер табылгандыгы тууралуу көп айтылды. Аксы районунда болсо терилерин сатуу максатында эшектерди уурдап сойгон адамдар кармалган. "Во Ви Щы" ишканасынын жетекчилиги өздөрү баккан эшектердин терилерин гана Кытайга жөнөтүшөрүн, жергиликтүү тургундардан сатып алышпагандыгын айтып чыгышты.