Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Чүй кең көчөсүнүн Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыгы унаа кыймылы үчүн ачылды.
Оңдоого туура келген жолдун узундугу 2,8 чакырым жана сметалык наркы республикалык бюджеттен 225,5 миллион сомду түзөт. Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейин түндүк тарабынан 1 чакырымга жакын жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, эки катмар асфальт жана жээк таштар орнотулду. Кыш мезгилинин келгендигине байланыштуу Чүй кең көчөсүн кайрадан оңдоо иштери токтотулду. Калган жол тилкесин 2016-жылы бүтүрүү пландалууда.