Өлкө аймагында 2667 мечит бар, алардын ичинен 1221 мечитте жума намаздары окулат. Ал эми каттоодон өтүп, бирок жума намаздары окулбаган мечиттердин саны - 883. Каттоодон өтпөгөн мечиттердин саны - 563. Бул тууралуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, мечиттердин каттоодон өтпөй жатканы тиешелүү документтердин жоктугу, колдонууга кабыл алуу актысынын жоктугу, менчик жер тилкелерине салынып калганы жана курулуш нормаларына жооп бербегени себеп болууда.