Америка Кошмо Штаттарында жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 14-декабрда Чикаго штатында өтөт. "Айтматов - кыргыз элинин феномени" аттуу эскерүү кечеси улуу жазуучунун туулган күнүнө карата уюштурулууда. Кечеде Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Мындай иш-чаралар Кытайдын бир нече шаарларында да өткөрүлмөкчү",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында туулган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 176 тилге которулган. Жазуучунун чыгармалары боюнча жыйырмадан ашык көркөм тасма тартылган.