Бүгүн, 10-декабрда Аалы Карашев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ош шаарында жасалып жаткан мобилдик үйлөрдүн абалы менен таанышты. Ошондой эле кампада сакталып турган өзгөчө кырдаалдар учурунда керектелүүчү жабдыктарды, жер титирөөдөн кийин келип түшкөн гуманитардык жардамдарды көрдү. Муну ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев 2015-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен турак жайлары зыянга учураган Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык аймагынын Чайчи айылындагы жарандарга жалпы 33 мобилдик турак үй жеткирилгенин айтты.
“Каражат жагы чечилген, эл тарабынан жардам берилип жатат. Эми ушул үйлөрдү тез жана сапаттуу бүткөрүп, турак жайлары зыянга учураган жарандарды жайгаштырып койгула. Керек болсо, элибиз кыйналып турганда күндөп-түндөп иштеп бергиле”,- деди Аалы Карашев.