Бүгүн, 11-декабрда эртең менен саат 8:55те Бишкектен Ошко уча турган жүргүнчүлөр түшкө чейин күтүүгө мажбур болушууда. Бул тууралуу алар SUPER.KG порталына арызданышты. Жүргүнчүлөрдүн айтымдарында, алар аэропортто узакка күткөндүктөн, наристелери менен кыйналып жатышат.
"Манас" Эл аралык аэропортунан SUPER.KG'ге билдиришкендей, мындай кырдаалга аэропортко учактын кеч келиши себеп болууда. "Бишкек-Ош авиакаттамындагы учак саат 13:00дө чыкмакчы",- дешти мекемеден.