Эртең, 12-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ХХ кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу аталган китепканадан бүгүн, 11-декабрда билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөгө улуу жазуучунун китептери, анын чыгармачылыгына арналган монографиялар жана макалалардын жыйнактары, анын чыгармачылыгы жана ишмердиги жөнүндө гезит-журналдардагы макалалар, фотографиялар коюлган.
Иш-чарага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз жергесинин илимий жана маданий ишмерлери, акындар, жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана окурмандар катышат.