"Ош шаардык социалдык фондунун башкармалыгынын кызматкерлери жарандарга аяр мамиле жасаганга аракет кылышарын жана жумушка убагында келишерин билдиришти",- деп кабарлады Социалдык фонддун басма сөз кызматынан 11-декабрда SUPER.KG порталына.
“10-декабрь күнү башкармалыктын башчысы өзү жетекчи катары жумушка убагында келгенин жана бардык кызматкерлер жумуш убагында өз ордунда болушканын маалымдады. Ал эми кезек күткөндөрдүн көп болгонунун себеби: 9-декабрь күнү эртең мененки саат 10:00дөн 17:00гө чейин жогорку чыңалуудагы линиядан кыйроо катталганына байланыштуу Социалдык фонддун башкармалыгында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 10-декабрда электр энергиясы берилгенден кийин кайрылган жарандардын саны өтө көп болду”,- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 10-декабрда окурман Ош шаардык социалдык фондунун кызматкерлери жумушка кечигип келишкени жана орой мамиле жасашары тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу маалымдаган эле.