Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев "Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica's landscape" Эл аралык сынагынан башкы байгени утуп алды. Субаналиев 13-декабрда SUPER.KG'ге билдиргендей, баш байге - Антарктидага жолдомо.
"Бул сынак жаңыдан сүрөт тартып баштаган фотографтарга колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мен баш байгени утуп алып, эми Антарктидага бара жатам. 2016-жылдын 2-январында сапар алып, ал жакты да сүрөткө тартам. Кайра январь айынын соңунда кайтып келем. Ал эми бул сынакта жеңүүчүлөрдү белгилүү фотограф Херш Чада аныктады",- деди жаш фотограф.
Талгат табиятты жана кооз жайларды сүрөткө тартууну бир жыл мурун баштаганын айтат.
Херш Чада 80дей өлкөгө барган. Фотографтын көңүлүн дайыма адамдын табиятка тийгизген терс таасири түйшөлтүп келген. Ал жер жана жапайы чөйрөдөгү сүрөттөрү менен даңкы чыккан.