Бишкектин айрым аймактарында 5 күн жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу 14-декабрда “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, көгүлтүр отун авариялык оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 14-18-декабрга чейин Т.Молдо, Кудрук, Профессор Зима көчөлөрү жана Чоң Чүй каналы курчаган тилкеде өчүрүлөт. Ал эми 15-16-декабрь күндөрү Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.