Бишкектин жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштери бардык көчөлөрдө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына мэрияга караштуу "Тазалык" ишканасынын башкы адиси Мурат Эсенов билдирди. Анын айтымында, борбор шаардын көчөлөрүн 100 пайыз тазалоого туз жана кум жетишсиз.
“Бишкектин жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштери 10-декабрда башталды. Кышкы мезгилден ийгиликтүү чыгыш үчүн бизге 7,5 миң тонна кум жана 535 тонна туз керек. Булардын 95 пайызы учурда бар. Кум жана туз кооптуу делген көчө кесилиштерине жана өйдө чыгуучу жолдорго гана себилет. Ошондой эле “185” ыкчам номуруна шаардыктардан түшкөн арыздарга жараша муз катуу тоңгон жерлерге барып иш жүргүзөбүз”,- деди адис.