Нарын облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Кечээ, 13-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы бириктирилген кампасынан гуманитардык жардам 1 КамАЗга жүктөлүп, Нарын облусунун Миң-Куш айылына жөнөп кетти. Мындан сырткары Балыкчы шаарындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизациялаштырылган базасына 3 даана 40 тонналык (пайдаланууга даяр эмес) контейнерлер Жумгал районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга даярдоо үчүн түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы министрликтин адистеринин катышуусу менен жер титирөө болгон аймакты кайрадан текшерүүгө алган. Жалпы район боюнча 252 турак жайга жана 17 социалдык объектиге изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан