Интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары Бишкекте дельфинарийдин ачылышына каршы пикирин билдирип жатышат. Учурда буга байланыштуу "Бишкектеги дельфинарийге каршымын!" деген хештег менен акция кызуу жүрүп жаткан кез. Сууда сүзүүчүлөр начар шартта багылып жатканын белгилеген активисттер "дельфинарийге билет алуу менен бирге силер кулчулук жана мыкаачылык үчүн акча төлөп жатасыңар" деп билдиришүүдө. Интернет колдонуучулары көчмө дельфинарийге айрым чет өлкөлөрдө тыюу салынганын кошумчалашкан.
Бишкек мэриясы бүгүн, 14-декабрда берген маалыматка караганда, ушул айдын соңунда Түштүк магистраль жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде дельфинарий ачылат. 2016-жылдын май айына чейин ал жерде 4 дельфин жана 1 кит көрүүчүлөргө шоу тартуулашат.