Тоо текелерди атып, жансыз жаныбарлар менен сүрөткө түшкөндөрдүн бири Баткен облусундагы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев SUPER.KG порталына комментарий берди:
“Сүрөттөр 2012-2013-жылдары тартылган, анда мыйзамдуу түрдө аңчылык кылганбыз. Ички иштер министрлиги берген уруксат кагазына ылайык, эки мылтыгым бар. Алардын бири менен аңчылыкка чыгып, эки-үч жыл мурун бир кийик аткам. Өзүм Аңчылык департаментине мүчөмүн”,- деп билдирди Акимбаев.
Эскерте кетсек, окурман бүгүн мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.