14-декабрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында 2-класстын окуучуларынын үстүнө бастырма кулап, 9 бала жаракат алганын окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.
ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, "Эгемендүүлүк" орто мектебинин чатырына уланып салынган бастырмага мектептин үстүнөн кар сүрүлүп түшүп, бастырма карды көтөрө албай сынып кеткен.
"Мектептин мугалимдери жана окуучулары бастырманын астынан окуучуларды чыгарышкан. Алар Ак-Суу айылындагы №11-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун "Тез жардам" унаасы менен Лейлек районунун борборундагы Исфана аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилишкен. Азыркы учурда жабырлануучулардын абалдары жакшы, дарылануусун улантышууда",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, бастырма кулаганда анын астында ойноп жүргөн 2-класстын окуучулары Нуржигит Эгембердиевдин, Байэл Асранкуловдун, Сыймык Абдивалиевдин буту сынган. Ал эми Жумабек Камалов жеңил жаракат алган.