Чоң-Алайда үй-бүлөлүк келишпестиктердин алдын алуу жана жаштардын терс көрүнүштөргө берилбөөсүнө арналган иш-чара өттү

Бүгүн, 16-декабрь күнү Чоң-Алайда имамдар үчүн үй-бүлөлүк келишпестиктердин алдын алуу жана жаштардын терс көрүнүштөргө жол берүүсүнө бөгөт коюуга арналган иш-чара өттү. Муну Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, сабак Дароот-Коргон борбордук мечитинде өткөрүлүп, 40 имам катышты. Анын жүрүшүндө нике маселеси жана анын түрлөрү, Сирияга азгырылган жарандардын кетишинин алдын алуу, диндеги аялдардын укугу жана орду боюнча жеткиликтүү түшүндүрмөлөр берилди. Мындан ары жогорудагы темалар боюнча окуудан өткөн имамдар өз мечитинде жарандарга сабактарды уюштурушмакчы.

Эскерте кетсек, бул иш-чара КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруунун негизинде өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан