Нарында текшерүүдөн өткөн 3 жашка чейинки балдардын 64,7 пайызында ар кандай оорулар табылган

Нарын шаарында жана Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында 3 жашка чейинки балдардын нерв системи, психологиялык абалы изилденген. Бул тууралуу изилдөө иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси Ли Антонина 16-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаш балдарга мамлекет тарабынан кам көрүү жетишсиз болууда. Элет жериндеги социалдык абал да балдардын кайсы бир оору менен төрөлүшүнө же илдетке кабылышына түрткү болууда.

Маалыматка караганда, атайын дарыгерлер тобу 2015-жылдын сентябрь-ноябрь айларында Нарын шаарында 400 баланын ден соолугун текшеришкен. Дагы 125 баланы текшерүүгө ата-энелер же балдардын туугандары макулдук беришкен эмес. Жыйынтыгында текшерүүдөн өткөндөрдүн 35,5 пайызынын ден соолугу чың болгону аныкталган. Ал эми жаш балдардын 64,7 пайызы ар кандай ооруларга кабылганы белгилүү болгон. Буга энелердин кош бойлуу учурунда өз ден соолугуна карата кайдыгерлиги себеп болууда.

"Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иш алып барып келгенбиз. Кийинчерээк көйгөй менен күрөшпөй, алдын алуу үчүн эрте кийлигишүү программасын иштеп чыктык. Мисалы, азыр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын бактылуу жүзүн көрө албайсың. Алар тагдырына баш ийип эле отуруп калышат. Алардын маселесинин чечилиши чабал болуп жатат. Шаарда жашагандар ар кайсы уюмдарга барып маалымат алып турушат. Ал эми айыл жергесиндегилер үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүү кол жеткис болуп калууда. Бул боюнча да долбоорлорду иштеп чыгуудабыз",- деди Ли Антонина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан