Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров кайрадан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
ЖАМКтын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Мекемеден билдиришкендей, Жапаровдун ден соолугу жакшы, андан психологдор кабар алышууда.
Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМК кармап кеткен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде ал колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.