Садыр Жапаровдун жактоочусу: "Райондук прокуратура Жапаровдун иши боюнча жаңы көрсөтмө берип жаткан күбөлөрдү териштирбей жатат"

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар кайра каралышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Биз Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча Биринчи Май райондук прокуратурасына кайрылып, 4 күбөнүн видео кайрылуусун кошо тапшырганбыз. Анда төрт күбө мурунку көрсөтмөсүнөн башка жаңы көрсөтмөлөрдү беришкен. Райондук прокуратура ошол 4 күбөнү мурда эмнеге башкача, ал эми азыр башка көрсөтмө бергенин толук карап чыгышы керек эле. Бирок алардын бирин да сурабай туруп, тез эле бизге ишти кайра кароого негиз жок экенин айтып жооп берип коюшту. Биз райондук прокуратуранын чечимине нааразы болуп, бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылдык", - деди Токтосунов.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан