Бүгүн, 10-июлда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту уланды. Анда айыпталуучулардын бири Айдинбек Шамшидин уулун үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтирилди. Алардын өтүнүч катын жактоочу Шарабидин Токтосунов окуп берди.
"Айдинбек Шамшидин уулу 2014-жылдан бери "Асман медиа групп" кинокомпаниясында иштеп келет. Ал биздин чыгармачыл топто бир топ ролдорду башкы каарман катары жаратты. Анын атасы катуу ооруп жатканын да укканбыз. Учурда Айдинбектин атасы Шамшидин Төлөков өтө оор абалда өлүм алдында жатат. Ошондуктан анын үй-бүлөлүк абалы кыйын шартта болгондуктан, үй камагына чыгарып турууңузду өтүнөбүз. Ал эч жакка качып кетпейт деп биздин жамаат кепилдик беребиз", - деп жактоочу өтүнүчтү окуду.
Жактоочу өтүнүч менен дарыгерлердин Төлөковго чыгарган корутундусун сотко берди.
"Урматтуу төрагалык кылуучу, чындыгында соттолуучу Айдинбектин атасы өлүм алдында жатат. Ага дарыгерлер "ачык кургак учук дарты менен жабыркайт жана эки бөйрөгү да иштебей калыптыр" деген аныктама беришти. Ошондуктан ага ырайымчылыгыңызды көрсөтүп, үй камагына чыгарууңузду өтүнөбүз", - деди.
Бул боюнча мамлекеттик айыптоочу өзүнүн каршы экенин билдирди. Соттолуучу Айдинбек Шамшидин уулу "Чындыгында азыр атам өлүм алдында жатат. Мен барып анын алдында акыркы мүнөттөрүндө уулдук милдетимди аткарайын. Сиз деле бирөөнүн уулусуз, мындай учурда атага жакын уулу жанында болсо жакшы болор эле. Мен соттук отурумдарды үзгүлтүккө учуратпай келип катышып турам. Мени үй камагына бошотууңузду өтүнөм. Качпайм деп жигитче сөзүмдү берем", - деди. Судья чечим чыгаруу боюнча кеңешме бөлмөсүнө барып келип, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.