Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды кароодо.
Соттук отурумдун жүрүшүндө сот Жаңыл Мамбеталы Садыр Жапаровдун аялын жана анын Нарын облусунан келген айрым тарапташтарын "отурумдун жүрүшүнө тоскоолдук жаратты" деп сот залынан чыгарып жиберди. Андан соң сот 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялап отурумду кайрадан улантты.
Учурда сот Жапаровдун ишине тиешеси бар делген Улан Чибутов, Кайрат Качаганов жана Саламат Маданбековдун тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп жатат.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.