Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган жарандардын кийинки сот отуруму 23-июнга калды

14:23 Бүгүн, 15-июнда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде баш аламандык уюштурган деп айыпталып кармалган тарапташтарынын кезектеги соту уланууда.

14:28 Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук иши башталарда залдагылар менен жаза аткаруу мекемесинин конвойлорунун ортосунда чыр чыкты. Соттолуучуларды кайтарып келген конвой "мен каякка турсам өзүм билем" деп залдагы соттолуучуларды колдоп келгендерге атырылды. Сот жабык өтүүдө, азырынча судья келе элек. Отурумда 25-мартта болгон окуянын күбөлөрү суралат.

14:31 Садыр Жапаровдун иши боюнча күбөлөр алынып келинип, соттук отурум башталды. Алгачкы күбө катары чакырылган Улукбек Төлөгөнов: "Мени УКМКда иштеген Бекболсун деген таанышым чалып, мага коопсуздукту сактоого жардам берүүнү өтүндү. Себеби мен мурда президенттин мамлекеттик күзөт кызматында иштегем. Чиним полковник. Бизди "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү бекетине жөнөттү. Ал жакка жеткичекти эле Жапаровду УКМКнын кызматкерлери алып кетишкенин уктук. Кайра Эркиндик бульварындагы УКМКнын имаратынын жанына келип, кийинчерээк тарап кеттик", - деди.

14:32 Соттук отурумга чакырылган күбө Манас Байбосунов: "Мен суралып жаткандарды тааныбайм. Ал күнү биз коомдук тартипти сактоону камсыздоо үчүн турганбыз. Болжол менен саат 14:30дар чамасында 25-30 жаштагы бир адам УКМКга киребиз деп айтып, тосулган темирди тарткылап баштады. Ал учурда арт жактан эл таш, желим бөтөлкө ыргытышты. Бир убакта биз митингчилерди кармап баштадык. Ошол учурда мен 3 адамды кармап автобуска келсем, унаанын айнеги талкаланыптыр. Митингге чыккан Сабыр Жапаровдун мыйзам бузган аракетин көргөн жокмун. Суралып жаткандар менин ден соолугума зыян келтирип кийимимден жулкуган эмес".

14:45 Соттолуучу Сабыр Жапаров күбө Байбосуновго "мен ошол күнү мыйзамга каршы сөз сүйлөгөнүмдү уктуңузбу?" деди. Ал "мен сиздин жаман сүйлөп, сөгүнгөнүңүздү уккан жокмун", - деп жооп берди.

14:48 Кийинки күбө Бектур Чомоев милиционер, аймактык тескөөчү.

Чомоев: "25-март күнү биз митинг болуп жаткан жер - УКМКга барганбыз. Бизди жетекчилик жөнөткөн болчу. Мен азыр темир тордо отургандарды убакыт өтүп тааныбай калдым. Мен тергөөгө берген көрсөтмөмдү туура көрөм", - деди.

Анын жообуна жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Сиз эсимде калбаптыр дейсиз, айтсаңыз, тергөөдө эмне деп көрсөтмө бердиңиз эле?" - деди. Күбө "мен андан бери көп иш-чара болуп өткөндүктөн эсимде жок", - деп дагы кайталады.

15:02 Жактоочулар: "Сиздин эсиңизге сактооңуз начар экен. Бул жакта адамдын тагдыры каралып жатса, эч нерсени эстей албайм дейсиз. Сотко келгенде тергөөдөгү көрсөтмөмдү колдойм дегениңиз өтпөйт. Судьяга баарын айтышыңыз керек. Силерди эми түшүнсө болот, жетекчиңер жазып берген кагазга кол коюп бердиңер да", - дешти. Жактоочулар судьяны күбөнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берүүсүн өтүндү.

14:08 Буга чейин күбө Чомоев көрсөтмөсүн кыргыз тилинде берсем керек эле деп жаткан. Бирок судья анын көрсөтмөсү орус тилинде жазылган экен деп окуп баштады. Залдагылар "күбө жадакалса кайсы тилде жазганын да өзү эстей албайт" деп нааразы болушту. Жактоочу күбөгө "орус тилинде жазыптырсыз, эгер чын эле орусча билсеңиз мага орус тилинде жооп бериңизчи" деп суроо узатты, ал жооп бере албай койду.

15:25 Соттук отурумга күбө катары чакырылган Биринчи Май РИИБинин кызматкери Атай Арыков: "Соттук отурумда суралып жаткандардын арасында тууганчылыгым жок. Ал күнү бизге жетекчилик Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрөрүн айткан. Биз ал жерде тартип сактоого барганбыз. Андан соң УКМКнын алдына митингчилер кетишти. Биз алар менен бардык. Саат 16:30дар чамасында эл толкуп баштады. Аны аксакалдар токтотушту. Анан 10 мүнөттөн кийин кайра ызы-чуу болду. Андан соң жетекчилик тарабынан "Кармагыла!" деген буйрук болду. Биз элди кармай баштадык. Бир убакта автобустун терезеси сынганын көрдүм. Карасам аксакал киши терезеден кол булгалап жатыптыр. Бул жерде кармалып тургандардын арасында ошол киши бар".

15:30 Ушул эле Арыков: "Мен ал күнү 2 адам кармадым. Кармалгандарга 364-берене менен протокол толтурдум. Аларды айнеги сынып талкаланган автобуска салып алып кеттик. Автобустун ичинде канча адам экенин билбейм. Арасында Турсунбек Акун бар болчу. Ар бир тартип сакчы өзү кармаган адамга протокол толтурушту. Ал күнү тартипти бузгандарды кармагыла деген буйрук болгон".

Кийинки күбө ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери Салават Бекбоев сурала баштады.

"Биздин негизги жумушубуз формасыз эле жүрүп, коомдук коопсуздукту сактоо. Мындагы соттолуучуларды буга чейин бирөөсүн да тааныган эмесмин. Андан кийин мен сакалчан, көз айнекчен кишинин автобустун сынган айнегинен кыйкырып жатканын көрдүм. 25-мартта биз, кызматкерлер окуяны видеого тартып WhatsApp менен борбордук аппаратка жөнөтүп жаттык. Биздин жумушубуз иш-чараларда видеолорду тартуу".

15:50 Күбө көрсөтмө берип жатып, "булар ошол күнү автобустун айнегин сындырбаганда соттолушпайт болчу. Жөн жерден административдик айып салынып эле кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышты", - деди. Күбөнүн бул сөзүнө мамлекеттик айыптоочу "сиздин милдеттериңизге ишке укуктук баа берүү кирбейт. Ошондуктан сиз буларга баа берүүңүздү токтотуңуз", - деди.

16:00 Күбөгө соттолуучу Айдинбек Шамшидин уулу: "Сиз мени митингде жарандык кийимчен балдар сабап, унаага салып жатканын көрдүм деп жатасыз, айтыңызчы, алар кимдер эле менин колу-бутумду кайрып салган балдарды тааныйсызбы?" - деди. Күбө Бекбоев "мен ал балдарды тааныйм, алар УКМКнын кызматкерлери болчу. Алар менен дайыма эле иш-чараларда бирге болобуз, ошондуктан тааныйм", - деди.

16:19 Сабыр Жапаров: "Сизди мен буга чейин таанычу эмесмин. Ошол күнү силер 5-6 бала болуп мени тегеректеп, жүргүлө КТРди басалы, Ак Үй тарапка басалы деп жаттыңар. Силер, 10-бөлүмдүн кызматкерлери митингге чыккандарды чагымчылдыкка үндөп жаттыңар", - деди. Бирок күбө катары жооп берип жаткан 10-башкармалыктын кызматкери муну четке какты.

16:30 Кийинки күбө Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү Мирлан Качкынбаев:

"Бизге 25-мартта Садыр Жапаров келип тынчтык митинг өтөт экен деп, Горький айкелинин жанына эртең мененки саат 8де жөнөттү. Кийин элдер Жапаровду кармап кетти деп үн күчөткүчтөр менен кыйкырып жатышты. Түштөн кийин элдер УКМКнын жанына келип митингди улантышты. Кийинчерээк алар Абдил Сегизбаев чыксын, болбосо Жапаровду өзүбүз бошотуп алабыз деп коюлган тосмону бузууга аракет кылышты. Мен азыр бул жакта отургандардан бирөөсүн гана тааныйм. Калыбек Жапаров балдарды үгүттөп, желим бөтөлкөлөрдү милиция тарапка ыргытып жатканын көргөм".

16:35 Күбө катары Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы Алтынбек Чынбердиев жооп берүүдө: "Соттолуучулардын бирөөсү Бекишовду гана көргөм. Ал жаш балдарды үгүттөп Жапаровду бошотобуз деп кыйкырып жаткан". Жактоочулар Чынбердиевдин мурда жазган көрсөтмөсүн окуп берип тактап жатты. "Күбө Чынбердиев ошол күнү митингде формачан жүрсө элдер сабап кетерин жазыптыр. Ушул чынбы?" - деди. Ал "ооба, ушундай көрсөтмө бергеним чын" деп жооп берди.

16:50 Сабыр Жапаров: "Сиз ошол күнү эл менен чогуу качтым деп көрсөтмө бериптирсиз. Эмне үчүн качтыңыз?" - деди. Ал "мен формасы жок жүргөм, мени да милиция салып кетпесин деп качканым чын", - деп жооп берди 10-башкармалыктын бөлүм башчысы.

17:00 Кийинки күбө 10-башкармалыктын кызматкери Азамат Рысбеков: "Мен ошол күнү азыр соттолуп жаткан Эркланбек Тагаев жана Кожогелдиевди көргөм. Сакалчан Кожогелдиевди автобустун сынган айнегинен башын чыгарып турганын көргөм. Бул экөөнөн башкасын тааныбайм", - деди.

17:05 Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Бул экөөнөн башка да соттолуучулардын арасынан ошол күнү мыйзам бузгандарды көрдүңүз беле?" - деди. Күбө: "Темир торлорду ыргытып жаткандардын арасынан Исаевди көргөм" деп жооп берип, "башкалары эсимде жок", - деди.

Соттолуучу Тагаев күбөгө: "Сиз мени милициялар подъездден алып чыгып баратканда да үн күчөткүч менен кыйкырып баратты деп айттыңыз. Ошол маалда менин эки колумдан милициялар кайрып алып баратса, микрофонду кармаганга колум бош эмес болчу да же эмне сиз кармап турдуңуз беле?" - деди. Күбө "билбейм, иши кылса кыйкырып бараткансыз" деди.

17:15 Самаган Абылов шаардык милициянын 10-башкармалыгынын ыкчам кызматкери "бүгүнкү соттолуп жаткандардын арасынан митингде мыйзам бузганын эстей албайм", - деди.

Мамлекеттик айыптоочу судьядан Абыловдун тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берүүсүн өтүндү. Анын көрсөтмөсүндө соттолуучулар Анарбек Бейшебеков жана Эркланбек Тагаевдин мыйзам бузганы жазылган экен. Өзү жазган көрсөтмөсүн судьянын окуусунда уккан күбө тергөөдөгү көрсөтмөмдү колдойм деп жооп берди.

17:23 Соттук иш жумуш убактысы аяктап калгандыктан 23-июнга калтырылды.

Садыр Жапаровду колдогон митингде кармалгандардын соту

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mir777
2017-06-15 14:55:45
аша жон ктепеди го элди кыйнап. менин оюмча мунун себеби аны куудулдардан бери прикол кылбадыбы. "айланайындар шадаболойкндар" деген эзилген создор менен тарыхта калып калбайын убакыттан пайдаланып темирдей тартпти сактаган деген атка конгусу келген го. бирок андай эмес ийри жыгач...
+7
grace
2017-06-15 15:27:02
Баары калп экени көрүнүп эле калды, АША кетсе уят болосуңар. Күбөлөр чындыкты айткыла.
+8
-Dybala-
2017-06-15 16:15:59
3 жыллдан бергиле ар бирине!
-8
bekov01
2017-06-15 16:26:12
ХХХ жазганын унутуп калган уч тамгаго. Ашага кошомат кылбай чындыкты айтда шым кийип журосунбу
+4
Kicha
2017-06-15 16:59:46
Автобустун айнегин озунор сындырып эле анан элге жалган жалаа жаба бергиле суткорлор кор болосунарго
+3
Abdusamat.kg
2017-06-15 17:29:35
Kicha,видеодо аксакал тепкенин көргөм айнекти
+1
agent0072609
2017-06-15 18:00:02
Кыскасы, кузгу келе жаткан шайлоо откончо О.Текебаев менен С.Жапаровдун сот отурумдарын жылдырып шайлоого катыштырбоо экенда бул жагы.
+5
bakulya2015
2017-06-15 23:02:00
agent0072609,Ооба да,эл баарын коруп билип эле калды. Эгер булар чыкса АША омур бою чыкпай калатта.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан