Садыр Жапаров ишин карап жаткан судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө Жапаров ишин карап жаткан судья Эмилбек Каиповго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Мен дагы бир жолу соттук ишти карооңузга ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Иш башталгандан бери мыйзамдарды бузуп, жактоочуларды басынтып сүйлөп жатасыз. Мага отурумду созуштун кереги жок. Кааласаңар күндө отурумду уюштургула. Сизге мени соттош эмнеге кызык болуп жатат билбейм. Бул иштен баш тартсаңыз сиздин жаныңызды албайт, иштен алат", - деди Жапаров.

Ал эми судья бул аракетте соттук отурумду создуктуруу максаты болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле жактоочу Азиза Абдурасулова дагы тарыхта соттук отурумдар мынчалык басым менен өтпөгөнүн айтып, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
baybolot
2017-06-30 15:26:05
Эмне учун камаш керек чындыкты айтканы учунбу
+13
Momunbekov90
2017-06-30 15:29:30
Ак ийилет, бирок сынбайт.
Жапаров эл сиз мн.бул бийликтин деле куну буторуно саналуу эле кундор калды.
+13
-Dybala-
2017-06-30 16:16:34
Momunbekov90,Кыргызстанды экиге болгонго аракет кылганы учун!
-10
Momunbekov90
2017-06-30 16:18:41
-Dybala-,качан болгонго аракет кылды
+3
turmus
2017-06-30 15:45:35
Бирок чындыгында жапаровдун кыргыз элине карызы коп. Эгер кызыккандар болсо санап бергенге деле даярмын. Элдин мээнетин жегендердин сап башында Турат.
-8
-Dybala-
2017-06-30 16:17:50
turmus,Эн туура азаматсын коп жаша!!! Ал ишине дагы жооп берет кантип байыганына дагы.

#КөпСөзБокСөз!
#КөпБайлыкАрамБайлык!
-10
bakulya2015
2017-06-30 15:58:40
Соттогулар Жапаровко ишенбесе. А бийлик менен соттогуларга Аллахта ишенбесе керек. Булар бир инсандын буйругун аткарам деп артынан бээ куноо инсандардыда каралап куноого,батып каргыш алып элге жаман корунуп ишеничтен чыкты окшойт.
+4
admin_superstan
2017-06-30 17:58:11
Dybala., этика нормаларын сактабай, ар кайсы темага маани-маңызы окшош билдирүүлөрдү калтырып, провокация жараткысы келгендиги үчүн 3 күнгө БАН!
+1
Aizattt
2017-06-30 18:42:28
Туура кылат. Ишенбеш керек!
+1
kayratbek81
2017-06-30 20:16:46
Садыр Жапаров сиз аксыз эл билет.Сиз бугун болбосо эртен чыгасыз!
+1
beka666
2017-06-30 22:32:16
КРдин сотуна ким ишенгенин кордунор эле
+1
beka666
2017-06-30 22:32:41
Баягы эле дежурный создор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан