"Барымтаны уюштурган Кенжебек Жумабаев эркин жүрөт да, анын ордуна бейкүнөө Садыр Жапаров отурат", - деп бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соттук ишинде жабырлануучу Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип жатып айтты.
Анын айтуусуна караганда, буга чейинки сот чечимдери адилетсиз чыгарылган.
"4 жыл ичинде 20га жакын бала соттолду. Алардын бир тобу мөөнөтү бүтүп чыкты, айрымдары отурат. Бирок ошолордун бири да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген жок. Митингдер болуп келет, бирок барымтага алуу менен митинг уюштуруу - башка-башка нерселер. Мени Жумабаев колумдан толгоп унаага отургузганда "эй, коё берчи, өзүм эле отурайын" деп айткам.
Барымтаны уюштурган Жумабаев 1 жылдан кийин бошотулуп кетти. Ал эми ошол жерде жүргөн балдар 9 жылдан кесилип, күчөтүлгөн тартипте абакта отурат. Эмне үчүн барымтаны уюштурган Жумабаев эркин жүрөт да, анын ордуна бейкүнөө Жапаров отурат", - деди Каптагаев.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.