Иш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу Жапаровдун соту 30-июнга калтырылды

14:00 Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун соту башталуу алдында турат. Жапаров сот залына алынып келинди. Азырынча отурум баштала элек. Учурда сүрөткө тартууга, видео тартууга конвойлор уруксат бербей жатат. Соттук отурум башталар алдында Садыр Жапаров "Силер сынбагыла, жеңиш биз тарапта болот", - деп залдагы жакындарына кайрылды.

Эскерте кетсек, бүгүн 23-июнда эртең менен саат 10:00дөн баштап кечки саат 16:30га чейин март айындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде баш аламандык уюштурду деп шектелип кармалган 12 адамдын соту болмок. Бирок сот процессти аягына чейин чыгарбай, саат 14:00дө башка процессим бар деп отурумду үзгүлтүккө учураткан. Саат 14:00дөгү отурум Садыр Жапаровдун соттук иши экен. Эске сала кетсек, буга чейин Жапаровдун мурунку соттук отурумунда кийинкиси белгисиз мөөнөткө жылган болчу.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

14:30 Сот жарым сааттан бери баштала элек. Сот кечигип жатат. Жабырлануучу бүгүн сотко келбей калганы белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочу "жабырлануучу Каптагаев менен байланышсам телефону өчүк экен", - деди.

14:35 Жактоочулар "жабырлануучу бул соттук иште башкы адам ошондуктан аны күтүү керек". Садыр Жапаров сотко "Буга чейинки отурумдарда Каптагаев өзү келсе аны сураган жоксуңар. Эми аны жок кезинде жабырлануучу деп атап жатасыңар. Менин сизге ишенимим күндөн-күнгө жоголуп баратат. Сиз жабырлануучу келген күнү улантыңыз", - деди.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов "Өткөндө шаардык сотто биздин катышуубузсуз Жапаровдун үстүнөн мыйзамды бузуп сот чечим чыгарды. Биздин жазган кассациялык арызды кайра кароону өтүнөбүз".

14:39 Соттук отурум башталды. Жапаровдун ишин Эмилбек Каипов кароодо. Сот тараптардын чечимдерин угуп сот, отурумун улантууну чечти.

14:41 Жактоочу Номанжан Аркабаев сот Эмилбек Каипов менен кайым айтышты. "Урматтуу сот, сиз ар кандай буйрукту аткара берип күнөөңүздү оорлотуп албаңыз", - деди Аркабаев. Ага жооп кылып сот "сиз мага басым жасап жатасыз. Сизге эскертүү берем", - деди.

Жактоочу Динара Медетова: "Бүгүнкү соттук отурум убактылуу токтотулду. Себеби жактоочулар көзөмөл иретинде Жапаровдун баш коргоо чарасын кароого даттануу бергенбиз. Биздин даттанууга кат аркылуу жооп берүү үчүн соттук курам канцелярияга кетти. 15 мүнөттүн ичинде кат менен жооп беришет экен. Андан соң сот иши уланат".

14:45 Жапаровду сот залынан убактылуу алып чыгып кетти. Ал эми конвойлор Жапаровдун тарапташтарын сыртка чыгарууга аракет жасады. Нааразы болгондор чыкпай коюшту.

15:55 Садыр Жапаровду кайрадан сот залына алып келишти. Соттук отурум кайрадан улантылып баштады.

15:59 Жактоочулар мамлекеттик айыптоочуга ишеним көргөзбөй аны алмаштырууну соттон өтүндү. Сот чечим чыгарууга кайрадан сот залынан чыгып кетти.

16:05 Садыр Жапаров учурда сот залынан чыгарылбай эле тордо отурат. Журналисттер Жапаровдон комментарий алсак болобу деп суранышты. Ага конвой уруксат берген жок. Мындан улам залда отурган адамдар тарабынан нааразычылык пайда болду.

16:16 Сот Эмилбек Каипов сот залына кайтып келди. Отурум кайрадан уланууда. Сот чечимди окуп жатат.

16:20 Жактоочулардын мамлекеттик айыптоочуну алмаштыруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок. "Жактоочулардын мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөткөн өтүнүчүн четке кагам. Эгерде прокурор жактоочунун, соттолуучунун, соттун тууганы болсо буга негиз болмок. Бул иште мындай нерселер байкалган жок ал сотто өз жумушун аткарат жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырам", - деди сот Каипов.

16:24 Жактоочу Акин Токталиев соттун катчысына соттук отурумга өз убагында чакырбагандыгы үчүн, ошондой эле жабырлануучу Эмил Каптагаевди чакырбагандыгы үчүн ишеним көргөзбөө өтүнүчүн келтирип катчыдан баш тартты. Башка жактоочулар бул өтүнүчтү колдоду, ал эми мамлекеттик айыптоочу өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну сурады. Сот чечим чыгарууга кайрадан чыгып кетти.

16:26 Соттук залга Жапаровдун мурдагы кесиптеши Жылдызкан Жолдошева келди. Жолдошева "Садыр, сен кыргыз жигиттеринин арасында духуң бийик инсансың. Сен эч убакта сынба ар дайым бийик болгун", - деди.

16:43 Сот чечим чыгаруучу бөлмөдөн келип отурум кайрадан уланууда. Жактоочулардын соттун катчысына ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Катчы соттук отурумга катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

16:44 Коомдук ишмер, экс-депутат Жылдызкан Жолдошеванын Жапаров менен саламдашуу суранычына сот уруксат берген жок.

16:50 Соттук отурумда соттолуучу Садыр Жапаров отурумга төрагалык кылып жаткан Эмилбек Каиповдун төрагалыгына каршы болуп чыкты. "Сиз өз сөзүңүздө эки сүйлөп жатасыз. Төрага болуп отурууга моралдык укугуңуз жок калды. Сизден баш тартам", - деди. Бул каршылыкты соттолуучунун жактоочулары колдоо иретинде мисалдарды келтиришүүдө.

16:55 Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Урматтуу сот, сиз адамдык сапатыңызды сактап калыңыз. Мен Жапаровдун сизге ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн колдойм. Жапаровдун кармалганынын өзү мыйзамсыз болду. Ошондой эле сиз жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай жатасыз. Мындан сырткары мен жабырлануучу эмесмин деп турган Эмилбек Каптагаевге сөз бербей, үнүн укпай койдуңуз. Бул ишке сиз кызыкдарсыз. Ошондуктан мен сизге ишеним көрсөтпөйм. Сиз "өзүңүз мен бул ишти кароого жаш экенмин" деп баш тартыңыз".

16:56 Жактоочу Акин Токталиев: "Биз сизди аяп турабыз. Сизди ушул саясий ишке аралашпасын деп жатабыз. Ошондуктан сиз өз каалооңуз менен ишти кароодон баш тартыңыз", - деди.

16:57 Жактоочу Динара Медетова: "Бул ишти сиз жалпылап карай албашыңызга көзүбүз жетти. Бир да өтүнүчүбүздү канааттандырган жоксуз. Мен бул ишти карооңуздан баш тартам".

16:59 Жактоочу Аркабаев: "Сиздин бул аракетиңиз менен сот тармагына өтө катуу доо кетирдиңиз. Өз чечимиңизди эки башка чыгарып жатасыз. Сиз өзүңүздү таза сактап калам десеңиз баш тартыңыз".

17:02 Мамлекеттик айыптоочу жактоочулардын соттук ишти кароодон баш тартышына макул болгон жок. Ал соттук отурумду узартуу үчүн жасалган иш деп сыпаттады. Сот өтүнүч боюнча чечим чыгаруу үчүн кирип кетти.

17:26 Сот залга кайтып келди. Келтирилген ишенбөөчүлүк боюнча чечим окуп жатат. Сот Каипов Ишти кароодо сотко келтирилген ишенбөөчүлүктөн кайсы маалда баш тартса болорун түшүндүрдү. "Соттук ишти карап жаткан төрага эгерде соттук ишке байланыштуу бирөөнүн тууганы болгон учурда гана баш тартылат. Бүгүн буга негиз жок". Сот Жапаровдун жана жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

17:33 Сот отуруму жумуш убактысы бүткөнгө байланыштуу токтотулду. Отурум 30-июнга калтырылды.

Садыр Жапаров өз ишин карап жаткан сотко ишеним көрсөтпөө сунушун берди

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aravan.kg
2017-06-23 14:38:35
Судьяларга ынсап берип туура чечим чыгарсында эми
+6
almanbetperm
2017-06-23 14:41:16
Туура чечим кабыл алды дегени иштен кетти дегени.иштен кеткени сотторго кылмыш иши козголгону
+3
almanbetperm
2017-06-23 14:41:30
Атамбаев рулит
-6
bekov01
2017-06-23 15:52:50
Ак ийилет бирок сынбайт! Бууйруса жапаров президент болот
+7
dina1983-19
2017-06-23 16:23:00
Жылдыз Жолдошова эркек экен.
+2
didu
2017-06-23 17:02:54
сотторго же атын же озун олосун деген шарт койгондурда шефи
+3
Aygul777
2017-06-23 17:36:35
Аллахым жакшы адамдарга озу жардам берип жана колдосун!
+3
Aygul777
2017-06-23 17:38:16
Шайлоо бутконго чейин ушинтип созо беришет.
+3
Nurkyz1977
2017-06-23 18:15:44
Админ 25и айт майрам дем алыш кунго туш келгендиги учун 26 июнь иш кун же эс алуу кунбу сураныч билип бергилечи
0
aravan.kg
2017-06-23 19:25:53
Nurkyz1977,эс алуу кун деп жарыяладыго
0
almanbetperm
2017-06-23 18:22:27
26сы дем алыш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан