Депутат Садыр Жапаровду соттогон судьядан Ак Үйдөн буйрук болгон же болбогонун сурады

Судьялыкка талапкер Жаңыл МамбеталыДепутат Жанар Акаев Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Жаңыл Мамбеталыдан камактагы саясатчы Садыр Жапаровду сотто деп Ак Үйдөн көрсөтмө болгон же болбогонун сурады.

"Садыр Жапаровду 11 жылга кескениңиз үчүн Тартип комиссиясынан эскертүү алгансыз, туурабы? Мен сизге бир гана суроо берем. Чын айтсаңыз, сизге "макул" деп добуш берем, алдасаңыз "каршы" деп добуш берем.

"Садыр Жапаровду соттойсуң!" деп Ак Үйдөн көрсөтмө болгонбу? Манасбек Арабаев сизге салам айттырды беле?" - деди Акаев.

Жаңыл Мамбеталы депутаттын суроосуна жооп берип, Ак Үйдөн көрсөтмө болбогонун, мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарылганын билдирди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Соттун судьялыгына талапкерди кароодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан