Бүгүн, 2-августта Биринчи Май райондук сотунун алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары үнсүз митингге чыгышты. Анын 100дөн ашуун тарапташтары ооздорун жаап алып соттун чечимине нааразычылыгын билдиришти.
Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева: "Үй-бүлөдөн күйөөм Садырды, бир тууган агасын кошуп камады. Балам да түрмөдө жатат. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн мен эле калдым. Азыр бир нерсе десек эле бийлик бизди камаганы турат. Ошондуктан үйлөрүңүздөргө тынч тарап кетиңиздер. Духуңуздарды түшүрбөңүздөр бул күндөр да өтөт", - деп көзүнө жаш алды. Митингге чыккандар тынч тарап кетишти.