Жапаровдун сотундагы күбө: "Тергөө маалында берген көрсөтмөмдү окубай эле кол коюп коюптурмун"

Бүгүн, 10-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Сотко Эмилбек Каипов төрагалык кылууда. Жапаровдун соттук отурумуна көрсөтмө берүү үчүн күбө Кайрат Качаганов келген. Ал Жапаровду Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан инсан катары тааный турганын айтты.

"2013-жылы Саруу айылында чоң митинг болуп өткөн. Ошол күнү биздин айылдаштарыбыздан эки бала камакка алынды. Кумтөрдөгү үлүштү 70:30 кылуу талабы менен чыкканбыз. 7-октябрда Жети-Өгүздүн борбору Кызыл-Суу айылында камалгандарды бошотуу талабы айтылмак. Мен барсам топтолгондор Караколду көздөй кетип баратыптыр. Мен да минип жүргөн атым менен ошол жакты көздөй жөнөдүм. Ат менен барганымдын себеби, Караколдо ат оюндары болмок. Кийин облус башчысы Эмилбек Каптагаевди күрөөгө алып алышканын угуп кетип калдым", - деди күбө Качаганов.

Мамлекеттик айыптоочу күбөгө "сиз Жапаров менен жолугуп, андан акча каражатын алдыңыз беле" деген суроо берди.

"Биз жаштар уюмундагы балдар менен Жапаровго Бишкектен жолугуп кеттик. 2013-жылдын күз айлары болчу. Андан акча каражатын алган эмеспиз. Болгону Ысык-Көлдүн патриот жаштары катары андан Кумтөрдүн келечеги тууралуу кебин угуп кеткенбиз. Кийин Жолдош Кожогелдиев берген каражатты айылдагы майып балдарга таратып бергенбиз. Биздин өзүбүздүн фонддун акчасы да бар болчу. Ал акчаны биз айылдагы жаштар чапкан чөптөн тапканбыз", - деп жооп берди күбө.

Соттолуучу Жапаров күбөдөн "2012-2013-жылдары уюштурулган митингдерге менин тиешем барбы? Акчаны кимдин колунан алдыңыз эле?" деп сурады.

"Мен 2012-жылы башка жакта болгом. 2013-жылкы митингдерде сизди көргөн эмесмин. Акчаны Кеңеш Жумабаевден эмес, Жокелең (ред. Жолдош Кожогелдиев) дегенден алганбыз. Ал акчаны кимдин атынан берип жатканын сураган эмесмин. Саруулуктар дайыма эле фондго жардам берип келишкен", - деди Качаганов.

"Сизди 2017-жылдын апрель айында эле эки жолу тергөөгө чакырыптыр, алардан сизге карата кысым болгон жокпу?" - деп сурады Жапаров.

"Ооба, мени тергөөчү биринчи жолу чакырып көрсөтмө алды. Экинчисинде Кожогелдиев менен акча тууралуу беттештирүү болду. Эч кандай басым болгон жок", - деп жооп берди күбө.

Ошондой эле ал митингдерге Жапаровдун тиешеси жок экенин, Саруу айылынын эли өзү эле демилге көтөрүп чыгышканын айтты. Ал эми митингдердин айынан өзү да 4 жылга шарттуу эркинен ажыратылганын кошумчалады.

Жактоочулардын суроолоруна жооп берип жаткан күбө көп жагдайларды эсине калбаганы менен түшүндүрдү.

"Мени ошол жылы Саруу айылында түнкүсүн белгисиз бирөөлөр моюнума жип салып, муунтуп көчөгө таштап кетишкен. Бул боюнча массалык маалымат каражаттары да жазып чыгышкан. Ошол кол салуудан кийин мен көпкө эс учумду жоготуп жатып калгам. Болуп өткөн окуядан соң ден соолугумдан жабыркап көп маалыматтарды унуттум", - дейт күбө.

Сот күбө Качагановдун тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берди:

"Кеңеш Жумабаев 100 миң сом берип, митингдеги чыгашаларыңарга жумшагыла деген. Мен кийин акчаны Садыр Жапаров бергендигин уктум".

Буга Күбө Качаганов төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"Тергөөчүлөр менден суроо-жооп иретинде эле сурап көрсөтмө алышкан. Жогоруда айтылган акчанын Жапаров тарабынан берилгендигин айткан эмесмин. Көрсөтмөмдү аягында окубай эле кол коюп берип коюптурмун".

Башка күбөлөр келбегендигине байланыштуу соттук отурум 14-июлда уланмай болду.

С.Жапаровдун жактоочусу: "Күбө басымга кабылыптыр"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Begmat1992
2017-07-10 17:58:35
Жапаровко боштондук!!!
+4
BekAmir
2017-07-10 19:51:22
Жапаров Кыргыз элинин уулу
+1
Makain
2017-07-11 13:27:01
Окубай кол койгон тормуз эме окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан