Бүгүн, 28-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айыптоочу тарап Садыр Жапаровдун тарапташтарын 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон сурангандыгын жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Соттук отурумда менин коргоом алдындагы адамдар Сабыр Жапаров, Рустам Жапаров Абдыманап Бегишов, Байгазы Казиев, Калыбек Жапаров, Айдинбек Шамшидин уулу, Эркланбек Тагаев, Жаңыбай Жеңишбеков, Улан Усупов, Адыл Исаев жана Анарбек Бегишовдорду 5 жылга, Чыңгызхан Кожогелдиевди 8 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратуу суралды. Албетте, бул өтүнүч прокуратураныкы, биз болсо соттон аларды толугу менен актоо өкүмүн чыгарып берүүнү өтүндүк. Кийинки отурум 8-сентябрь күнү саат 16:00гө белгиленди", - деди Токтосунов.
Жапаровдун тарапташтарынын сотунда бүгүн айыпталуучу Сабыр Жапаров жарыш сөзгө чыкканы, кийинки отурумда 11 адамга сөз берилип акыркы чечим чыгып калышы мүмкүн экендиги маалым болду.