Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.
Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жогорку Сот Садыр Жапаровго карата адилетсиз чечим чыгарганын айтып, Эмилбек Каптагаевдин бүгүнкү берген көрсөтмөсү жаңы жагдай экенин, мындан улам Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.
"Жаңы жагдайлар бар. Буга чейин көрсөтмө берген Кенжебек Жумабаевдин, Наристе Калчаевдин, Кайрат Качагановдун, Жолдош Кожобергеновдун видео тасмасы (ред. Жапаровго кыйноо менен көрсөтмө алды деген) бар. Эмилбек Каптагаев өзү турат. Мына ушул адамдардын баарынын көрсөтмөлөрүн алып жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага кайрылабыз", - дейт Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.