Жактоочу сотко Садыр Жапаровду үй камагына чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 24-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун соттук отуруму улантылды. Төрагалык кылуучу сот Эмилбек Каипов. Отурумдун башталышында жактоочу Шарабидин Токтосунов экс-депутаттын иши толук изилденбегенин айтты:

"5 томдуу иштерди толук изилдебей туруп, кантип чечим чыгарууга шашыласыңар? Бүгүн видеотасманы көрөбүз деп жатасыңар, бизде да камакта жаткан Наристе Калчаевдин видео көрсөтмөсүн да кошо көрүүңүздү өтүнөм".

"Тергөөгө тиркелген гана видеону көрөбүз, сиз сунуштаган видео ишке тиркелген эмес", - деген жооп узатып, өтүнүчтү четке какты.

Айыпталуучу Садыр Жапаров 2013-жылдын 3-октябрында өлкөдөн чыгып кетеринде Башкы прокуратура тарабынан берилген уруксат кагазды ишке тиркеп коюусун өтүндү. Сот өтүнүчтү кабыл алып, 2013-жылы 7-октябрда Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында митинг учурунда тартылган видеону көрсөттү. Видеодо облус бийлигинин алдына чогулган эл ошондой эле ошол маалдагы Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевдин унаада отурганы көрүндү. Андан соң 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаровду УКМКнын кызматкерлери менен чек арадан жолукканы көрсөтүлдү. Видеодо тергөөчүлөр Жапаровду кечки саат 19:00гө чейин суракка барып калууга кол койдуруп жатканы, Жапаров "мен 19га эмес 17:00гө барып күбө катары көрсөтмө берүүгө даярмын" дегени көрсөтүлөт. Ошондой эле көп өтпөй жактоочусу Шарабидин Токтосуновду андан бөлүп, Жапаровду күчкө салып колтуктап кара түстөгү жол тандабаска отургузушкан. Жапаров отурган унааны кара түстүү дагы 2 жол тандабас коштоп, Кордай бекетинен УКМКны көздөй кетишкен. Атайын үн чыгаруучу белгилерди колдонгон жол тандабастар 10 мүнөттүн аралыгында Бишкекке кирип келгенине чейин видео үзүлбөй тартылган.

"Жапаровдун тергөө иштери аяктап, соттук иште айыптары далилденбегендиктен анын баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарууну өтүнөм", - деди жактоочу Токтосунов. Ошондой эле кошумча Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер катары БШК каттоого алганын эске алып, аны үй камагына чыгарууну сунуштады. Сот биринчи өтүнүч боюнча чечим чыгарууга кеңешүүчү бөлмөгө барып келип, өтүнүчтү четке какты. Экинчи өтүнүчтү ачык калтырды.

Садыр Жапаровдун соту уланды. 24-июль
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulmira90
2017-07-24 16:25:26
Садыр Нуркожоевичке боштондук!Приздент болууга татыктуу инсан!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан