"Экс-депутат Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн УКМКнын Каракол шаарындагы бөлүмүндө мени башыма кап кийгизип 5-6 саат кыйноо болгон", - деп бүгүн, 24-майда маалымат жыйында Садыр Жапаровдун ишинде күбө болгон Наристе Калчаев айтты.
Анын айтуусуна караганда, ал 2013-жылы 8 жылга эркинен ажыратылып, УКМКнын тергөө абагында 4 жыл 1 ай болгон, 2017-жылы мунапыс менен чыккан.
"Саруу окуясында Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деп 30 бала соттолду. Эң акыркы отузунчу болуп сыртта жүргөнүнө карабастан Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгон. Каракол шаарындагы УКМКда Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн мени 6 саат бою башыма кап кийгизип кыйноо болгон. Бирок кармалган 30 баланын ичинен бири да Жапаровго каршы көрсөтмө берген эмес. Анан кандай жол менен бизди көрсөтмө берди деп ишти тиркеп койгонун билбейм. Иликтөө бир тараптуу гана болгон. Мен Садыр Жапаров менен эч кандай тааныштыгым жок. Мен аны депутат катары гана тааныйм. Мындан сырткары учурда шектүү катары кармалгандардан 5 бала абакта отурат. Калгандарынын мөөнөтү бүтүп чыкты. Балдарды Саруу окуясы үчүн эмес, Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн камашкан", - деди Калчаев.
29-майда Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карамакчы.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.