Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыккан жактоочулар айыпталуучунун акталышын талап кылышты. Ал эми жабырлануучу Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун митингди уюштурганы боюнча эч кандай далили жок экенин айтты.
Ал эми Садыр Жапаров: "Менин Каптагаев менен саясий көз карашым гана төп келбесе, башка аласа-бересем жок. Саясий көз карашыбыздын дал келбеши менин ишиме тиешеси жок. Митингди уюштурууда мен ким менен план кылыптырмын. Жасалма көрсөтмөлөрүңөр ыдырап жаткан үчүн камалган күбөлөрдү алып келбей жатасыңар. Саруудагы митингди УКМКнын балдары уюштурган деген күмөнүм бар. Эгер митингди мен уюштуруп, мыйзам бузсам анда мени ошол убакта прокуратура, УКМК, чек арачылар өлкөдөн чыгарбайт болчу. Саясий буйрук тарапка ооп кетпей мени актап бергиле", - деди.
Кийинки соттук отурум 31-июлга жылдырылды.