Бүгүн, 24-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаров соттук иштин тыныгуу маалында журналисттердин суроолоруна темир тор артынан жооп берди.
"Мага башынан эле түрмөдө жаткан адамдын арызынын негизинде кылмыш ишин козгошту. Арызда 2013-жылдын май айында мен саруулуктарга акча таратып митингге жиберген имишмин. Ал убакта мен УКМКнын абак жайында жаткан болсом кантип жолугушмак элем? Соттук иштин жүрүшүндө да менин ал учурда, чындыгында СИЗОдо жаткандыгым такталды. Анан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү тергөөдө башка, сотко бергени башка болуп кеткенде эле токтотуп туруп, ишти кайра тергөөгө жөнөтүш керек болчу. Булар биздин укуктарды тебелеп эле алып барып, өкүм чыгарабыз деп жатышат. Өкүмдү чыгара берсин, мен ага даярмын, бирок кеч болсо да чындык мен тарапта болот. Себеби мен буга чейин мыйзамсыз иш жасаган жокмун. Мен эл-журт ууланбасын, балдардын ден соолугу начар төрөлүп жатат, биздин байлыгыбызды уурдап кетип жатышат деп эле келатам. Ортодо камалган саруулук балдар менен мени карама-каршы коюшууда. Азыр эл баарын билип турат. Калганын эл өзү таразалап алат", - деди.
Кошумчалай кетсек, Жапаровго бүгүнкү отурумда прокурор 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сурады. Кийинки отурум 28-июлда улантылат. Анда жактоочулар жарыш сөзгө чыгышары күтүлүүдө.