Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту 4-августта уланат

Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда абакта отурган экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук иши уланды.

Сот залында соттолуп жаткан 11 адамдын ичинен 4 адам прокурордун тактоочу суроолоруна жооп беришти. Аларга 2017-жылдын 25-мартында УКМКнын алдына эмне максатта барышкандыгын, милиция кызматкерлери менен тирешүү эмнеден улам келип чыкканы тууралуу суроолор берилди. Соттолуп жаткандардын бири Сабыр Жапаров прокурордун суроолоруна жооп берип жатып, аларга карата козголгон иш иниси Садыр Жапаровго карата жасалып жаткан кысым экенин белгиледи.

Ал ортодо алардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов темир тор артында отурган башка тарапташтарга басып келип түшүндүрүү аракети үчүн сот тарабынан эскертүү алды.

Сот ага "менден уруксат алып басып кеттиңиз, бирок сиз аларга үнүңүздү катуу чыгарып "мындай деп жооп бергиле" айтып жатасыз. Бул жакта суроо берилип, жооп алып жатабыз", - деп эскертүү берди.

Отурум 12:00гө чейин уланып, андан кийин сот ишти 4-августта улантуу чечимин чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан