Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.
Соттук отурумдун жүрүшүндө тараптардын жыйынтыктоочу сөздөрү айтылды.
Жактоочу Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров мыйзамсыз кармалып отурганын, анын аракетинде кылмыштын курамы жок экендигин ага токтоосуз актоо өкүмүн чыгарып, сот залынан бошотуу керектигин айтты.
"Бул иште Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок. Анын ак экендигин бүткүл кыргыз эли билип, көрүп турат. Чечим чыгаруучу бөлүмгө кирип бийликтен эмес, Кудайдан коркуп чечим чыгаргыла. Жапаровду токтоосуз акташ керек", - деп билдирди жактоочу Шарабидин Токтосунов.
Ал эми жыйынтыктоочу сөздө Каптагаев:
"Урматтуу соттор, менин иш тажрыйбамда жабырлануучунун эки ирет сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүшү буга чейин болгон эмес. Бүгүн сиздер Жапаровдун тагдырын чечүү менен өзүңүздөрдүн да эртеңки келечегиңиздерди чечип жатасыздар. Эки айдан кийин бийлик алмашат. Ошондо сиздердин башыңардан мыкчып кармап отургандар кызматтан кетет. Ошондуктан кийинки келечегиңерди терең ойлоп, адилет чечим чыгарып беришиңерди сурайм", - деди.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.