Эмилбек Каптагаев: "Садыр Жапаров акталышы керек"

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды карады. Анын жүрүшүндө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев шаардык соттон Жапаровду актоону өтүндү.

"Садыр Жапаровду кармоого бир гана Кенжебек Жумабаевдин арызы негиз болуп турат. Ал өзү да Караколдогу митингде күнөөлүү деп табылып соттолгон. Былтыр мен соттордо андан да толук такып сурадым. Ал "мен ошол митингди журналист катары жакындан көрүш үчүн сизди барымтага алып отургузган унаанын жанына келгем" деп айткан болчу. Бүгүн Жапаров анын арызынын негизинде камакта жатат. Мен күнөөлүү адамды актагым келбейт. Бирок мен жабырлануучу катары көрсөтүлгөн иште Жапаровдун күнөөсү жок. Менин атыма байланышкан иште адам негизсиз соттолуп кетпеши керек. Сот Жапаровду мени барымтага алууга катышкан деп күнөөлөп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ал митингге анын тиешеси жок. Садыр Жапаров акталышы керек", - деди Каптагаев.

Кийинки отурум шаардык сотто 7-сентябрь күнү саат 10:00дө улантылат. Анда 2010-жылдын 7-октябрындагы Каракол шаарындагы митинг боюнча күбөлөр кайра суралат.

Эмилбек Каптагаев: "Садыр Жапаров акталышы керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
General.kg
2017-08-29 16:37:25
Моладец Каптагаев С.Жапаровтун арты менен элдин арасынан колдоо таптың!
+16
mir777
2017-08-29 16:38:27
Эмил брат эгер окуп жатсаныз лично сизге аябай ыраазыбыз
+18
Almaz.bim
2017-08-29 16:49:14
Жапаров акталышы керек.Мнол конко байларга тушунбойм соттоп жаткан,алар эмне чонток кызыкчылыгын ойлоп жатабы.
Акыреттеги оздорунун судный деньин ойлобойт бекен.Наамыс деген кайда,эл арасында ээн баш которуп журо алат бекен ушундай чечим чыгарып алып.Айнанайын Соттор таразадай так и адилеттуу болгулачы.Каптагаевке бул жакта туруп мен ыраазы болуп кеттим.
+13
BekAmir
2017-08-29 17:09:24
Эртеби кечпи чындык чыгат
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан