Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун астында экс-депутат Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруу талабы менен 100дөй адам чогулуп турат. Ошондой эле алардын арасында Өмүрбек Текебаевдин да тарапташтарын көрүүгө болот.
Анын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында бүгүн, 31-июлда Садыр Жапаровго акыркы сөз берилип, андан кийин соттун өкүмү чыгарылмакчы.
24-июлдагы отурумда прокурор Садыр Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну суранган.
Райондук соттун имаратынын жанында чогулгандардан сырткары милиция кызматкерлери да турушат. Алар сот чечим чыккан учурда тартипти көзөмөлгө алуу үчүн келишкени белгилүү болду.
Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда.