Бүгүн, 5-сентябрда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отурумунда Рустам Жапаров акыркы сөзүн айтты.
Ал өз сөзүндө: "Мен бул митингде эч кандай мыйзам бузуучулукка барган эмесмин. Ошондуктан мени актап берүүңүздү суранам. Буга чейин жактоочулар тарабынан айтылган сөздөрдү колдойм", - деп билдирди.
Сот соттолуучулардын сөзүн угуп, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө чыгып кетти.
Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.