Садыр Жапаров өз колу менен президенттик шайлоого катышуу боюнча арызын 1-июлда жазса да, бүгүнкү күнгө чейин талапкерлердин тизмесинде жок экенине нааразы болгон анын жактоочулары Бишкекте бүгүн, 11-июлда жыйын өткөрүштү.
Жактоочуларынын бири Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаровдун иши боюнча жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин Жапаровго доосу жок экенин айтканын эскертти:
"Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев сотто 4 жылдан бери бул ишке кызыкдар эмес экенин жана Жапаровго доосу жок экенин айтып келет. Андан сырткары башка күбөлөр да, Жапаровдун ишке тиешеси жок экенин айтышууда. Жалпысынан 28 адам көрсөтмө берсе, анын ичинен 7 адам жабырлануучу. Алардын баары доосу жок экенин айтышууда. 1-июль күнү Жапаровго кирдим. Ал өз колу менен президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз жазып берген. Ал катты ишенимдүү адамдары БШКга алып барган. Бирок БШК Жапаровдун ишеним каты керек дегенинен, №1-СИЗОго барып, ишеним кат алып берүүнү суранганбыз. Алар кайра сотко жиберип салды. Сот жооп берүүдөн баш тартып келет. Ошондуктан ишеним кат ала албай БШКга кат берилбей келет", - деди жактоочусу.
Дагы бир жактоочусу Акин Токтоналиев өлкөдө абал оор болуп, үчүнчү революциянын алдында турарын айтып өттү:
"Жапаров менен абакта жаткандардын баары анын туугандары. Алгач 100дөй киши кармалса, тандалып отуруп, 30у калган. Кайра тандап отуруп 12 адамды соттошту. Булардын баары Жапаровдун жакын туугандары. Акаев, Бакиев учурунда туугандарын кошуп камашкан эмес. Азыр туугандарын кошуп камап жатат. Ошондуктан абал оор, үчүнчү революция алдында турабыз".
Ал эми БШКдан Садыр Жапаровдун арызы ишеним кат болбогондуктан кабыл алынбаганын билдиришкен.