Бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум болду. Соттук отурумга президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жаткан Улукбек Кочкоров да катышты.
Ал Садыр Жапаровдун кылмыш кылганы далилденбегенин жана анын саясий куугунтукка кабылганын айтты.
"Адамдын кайсы бир органы оор илдетке чалдыкса, ал адам өлөт. Ошол сыңары мамлекетте да кайсы бир орган айыккыс илдетке чалдыкса, анда мамлекеттин келечеги болбой калышы мүмкүн. Буга чейинки соттук процесстерге катышып жүрүп сот жана укук коргоо органдары айыккыс ооруга чалдыкканына күбө болдум. Садыр Жапаров кылмыш кылганы үчүн эмес, "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыккандыгы үчүн соттолуп жатат деп билем. Биринчиден, жабыркаган адам жок, экинчиден, арыз берген адамдын дагы арызда көрсөткөн маалыматтары такыр дал келбей жатат. Соттун жана прокурордун ишке тиешеси бар маанилүү күбөлөрдү чакыртпай жатканы бул саясий процесс экенинен, саясий куугунтук болуп жатканынан кабар берет. Кандай өкүм болбосун тарых астында Садыр Жапаров акталат. Жапаровдун позициясы туура чечилип, кээ бир туура эмес ишке барып жаткан адамдар жоопкерчиликке тартыларына толук ишенем", - деди Улукбек Кочкоров журналисттерге.
Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүндөгү сот тармагы боюнча да өз оюн билдирди. Айтымында президенттин сотторго тиешеси болбош керек.
"Тилекке каршы, бүгүнкү күнү сот тармагы президенттин аппаратына көз каранды болуп калды. Ошолор кандай буйрук берсе, соттор мыйзамды да карабай алардын буйругун аткаруу менен алек болуп калды десем адашпайм. Бизде алгач соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылыш керек. Бул үчүн мен Курултай институтун сунуштап жатам. Сотторду кызматка коюу жана кызматтан алуу маселеси толугу менен курултайга өтсө дейм. Президенттин сотторго тиешеси болбош керек. Ошондо соттор көз карандысыз болот. Ошону менен бирге эле алардын жоопкерчилигин да күчөтүү зарыл. Жарандар онлайн режимде ар бир сот процессин көрүп турушу керек. Ошондо гана бизде жоопкерчилик пайда болот. Анан бүгүнкү күнкүдөй ар кандай өкүмдөр чыгарылып, бирок ага эч ким баа бербей турган болсо анда сот тармагы бул Кыргыз өлкөсүнүн кулашына алып келет", - деди Кочкоров.