Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө нааразы болгон Садыр Жапаровдун жактоочулары Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG'ге жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Бүгүн Жапаровдун ишин караган соттор аны соттошту. Алар соттолуучунун ишин карап жатып, бул айып тигинин көрсөтмөсү менен далилденет, бул болсо төмөнкү материал менен далилденет деп бир фактыны көрсөтө алышкан жок. Бул, демек, бүгүнкү күндө сот системи эң төмөнкү деңгээлге түшкөнү. Сот мындай кылып өкүм чыгарбайт. Алар ар бир фактыларды изилдеп чыгыш керек эле. Бирок алар анткен жок, акыркы сөздөн кийин 1 сааттын ичинде кайра келип өкүмдү окушту. Бир саат аралыгында алар эмнени изилдегенге жетишти. Мында чыныгы саясий буюртма бар. Эми биз Жогорку Сотко даттанабыз", - деп билдирди Токтосунов.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Маалым болгондой, Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.