Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүнө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев катышып, төрагалык кылуучу ишти кароодон баш тартуу боюнча экинчи жолу жазуу жүзүндө өтүнүч келтирди.
Каптагаев: "Сот Жаңыл Мамбеталы ишти кароодо аброюма жана ар намысыма шек келтире турган сөздөрдү айтты. Ошондой эле ал мыйзам талаптарын одоно бузуп, каралып жаткан иштин жыйынтыгы боюнча өз оюн алдын ала ачык айтып койду. Мындан ары төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы ишти кароого юридикалык, моралдык укугу жок", - деп билдирди ал.
Келтирилген өтүнүч канааттандыруусуз калтырылды.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.