Бүгүн, 12-июнда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун кезектеги сот отуруму өткөрүлөт. Сотко келгендерди милиция кызматкерлери киргизбей жатышат. Соттук процесске күбө катары Эмилбек Каптагаев келди.
14:17 Сот отуруму башталуу алдында турат. Жапаровду сот өтүүчү залга эл киргенче алып кирип коюшкан. Конвойлор телефонго жана фотоаппаратка сүрөткө тартууга тыюу салып, тарттырбай жатат. Гаджеттерди "үнсүз режимге" коюуну талап кылууда.
14:20 Эмилбек Каптагаев судья тарабынан жабырлануучу катары тааныштырылды. Каптагаев иш боюнча Жапаровго доо арызы жок экенин айтты.
14:23 Соттук отурумдун жүрүшүнө эл тарабынан ишеним аз болуп жатат. Ошондуктан соттун калыс өтүшүн чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоочу каражаттарга сүрөткө, видео тасмага тартууга уруксат берүүнү Жапаровдун жактоочулары суранышты. Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Азыр ушул мүнөттөрдө Баткен облусунун Кадамжай районунда 500дөй Жапаровдун тарапташтары чогулуп турушат. Аларга маалымат жетпей жатат. Баарына жеткиликтүү болуусу үчүн сот ачык өтсүн", - деди.
14:26 Жапаровдун өткөндөгү сот отурумуна келе албай калган жактоочусу Акин Токталиев: "Буга чейин Каптагаевди Жапаров барымтага алды деп маалымат каражаттары айтып чыгышты. Азыр Каптагаев "доом жок" деп бул залда отурат. Мүмкүн президентке маалымат толук жетпей жаткандыр. Соттук иш боюнча маалымат ачык жарыяланып туруусу керек. Силер соттор, прокурорлор, "кукушка" болуп отура бербегиле, бул бийликтин эртең күнү бүтөт. Силер ошол күндөрүңөрдү ойлогула", - деди.
14:31 Садыр Жапаров: "Мына буга чейин КТР, ЭлТР мени чоң кылмышкер катары элге күнү-түнү көрсөттү. Азыр да уруксат бериңиз менин күнөөм болсо тартып көрсөтүшсүн".
Мамлекеттик айыптоочулар соттун ачык өтүшүнө каршы болушту.
14:38 Шарабидин Токтосунов бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирип, "Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чек арадан мажбурлап кармап кетишти. Ал ага чейин Башкы прокуратурадан чет өлкөгө чыгууга уруксат сурап, бир тууган инисинин бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чыгып кеткен болчу. Ал эми Каптагаев барымтага алынганда Жапаров Кыргыз өлкөсүндө болгон эмес. Каптагаев да маалымат каражаттарына ага доосу жок экенин айткан" деди.
14:43 Жактоочу Ш.Токтосунов Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирди. "Ал буга чейин ЖКнын депутаты болгон, жашаган жери баары так көрсөтүлгөн. Ошондуктан анын баш коргоо чарасын өзгөртүңүз. Жапаровдун качып кетпесине миллиондогон жарандар кепилдик берем деп турушат".
14:47 Садыр Жапаров: "Мага козголгон кылмыш иши чымындай, а менин көтөргөн маселем тоодой. Мени өлкөдөн куусаңар да кетпейм. Мен кылмыш жоопкерчилигинен качпайм", - деди. Мамлекеттик айыптоочулар "мыйзам баарына бирдей ал өзгөчө оор кылмыш боюнча соттолуп жатат", - деп каршылык көрсөттү.
14:49 Прокурорлорго жактоочулар: "Силер алдын ала буйрутма алганыңарды далилдеп койдуңар", - дешти. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Андан соң Жапаровду сот залынан алып чыгып кетишти. Себебин эч ким түшүндүргөн жок.
15:50 Жапаровду конвойлор сот залына алып келишти. Судья Жапаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.
16:00 Шарабидин Токтосунов: "Соттук иште жабырлануучуну бир ооз сурап койгон жоксуз. Сиз сотту белгисиз мөөнөткө калтырыңыз, биз шаардык сотко касациялык арыз менен кайрылабыз", - деди.
16:12 Соттук жыйындын жүрүшүндө Эмилбек Каптагаев "эки отурумдан бери мени жабырлануучу катары көрсөтүп жатасыңар. Менин доом жок деген сөзүмду укпай жатасыңар" деп жатканда судья Каптагаевдин сөзүн укмаксан болуп залдан чыгып кетти. Залда отургандар "судья качты" деп кыйкырган бойдон калышты.
16:20 Жактоочу Шарабидин Токтосунов судья Эмил Каипов өтүнүчтү канааттандырбай койгондугун жана кийинки кадамдары Бишкек шаардык сотуна касациялык даттануу келтире тургандыгын айтып берди.
“Биз эми 16-июнга чейин шаардык сотко даттанабыз. Булар ошол жакка ишти жөнөтөт. Ал жактан кийинки отурумду белгилеп, канааттандырып же канааттандырбай коюшу мүмкүн. Соттордун кийинки кадамдарына жараша биз Жогорку сотко кайрылабыз же кайрылбайбыз. Бул иштерге дагы бир, бир жарым ай убакыт кетет. Эгерде 16-июнга чейин шаардык сотко даттана турган болсок, ал күнү иш каралбайт”, - деди Токтосунов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.