Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоо боюнча УКМК эч кандай комментарий бере албасын билдирди

Бүгүн, 24-майда маалымат жыйынында күбө Наристе Калчаев "Экс-депутат Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн УКМКнын Каракол шаарындагы бөлүмүндө башыма кап кийгизип мени 5-6 саат кыйнашкан" деп айткан болчу.

SUPER.KG порталы бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганда, бул маселе боюнча эч кандай комментарий бере албасын билдиришти.

Бүгүнкү маалымат жыйында Наристе Калчаев 2013-жылы Саруу окуясында Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деп 30 бала соттолгонун айткан. "Эң акыркы отузунчу болуп сыртта жүргөнүнө карабастан Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгон. Каракол шаарындагы УКМКда Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн мени 6 саат бою башыма кап кийгизип кыйноо болгон. Бирок кармалган 30 баланын ичинен бири да Жапаровго каршы көрсөтмө берген эмес. Анан кандай жол менен бизди көрсөтмө берди деп ишти тиркеп койгонун билбейм. Иликтөө бир тараптуу гана болгон. Мен Садыр Жапаров менен эч кандай тааныштыгым жок. Мен аны депутат катары гана тааныйм. Мындан сырткары учурда шектүү катары кармалгандардан 5 бала абакта отурат. Калгандарынын мөөнөтү бүтүп чыкты. Балдарды Саруу окуясы үчүн эмес, Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн камашкан", - деп айткан Калчаев.

Айта кетсек, 29-майда Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карамакчы.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2018-05-24 17:10:49
Мына минтип акыйкатты айтса УКМКада комментарий бере албай калат себеби ХХХХХХ
+4
jbolotov
2018-05-24 18:41:39
Мамлекетуулугубуз ото ыплас арсыз болуп атат,Сот бийлигин жоюп салышса болот эле эч калыстыгы жок соттун кимге кереги бар эле?
+1
didu
2018-05-24 19:43:53
ошол сотторду камаш керек тез
0
Almaz.bim
2018-05-25 15:18:37
Шашпагыла кылганынарга окуно турган гунда гелет.Жапаровдой Адам дуйнодо жалгыз Жараткан Жапаровко бекем денсоолук берсин буйруса жакында чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан