24-июлда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында нааразычылык акциясын уюштурууда. Алар бүгүн соттук отурумда прокурордун Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратуу сунушуна нааразы экендигин айтышууда. Акцияда 50дөй адам колдоруна Жапаровдун сүрөттөрүн жана "соттордон акыйкат чечим күтөбүз" деген жазууларды кармап турушат.