Камакта отурган Садыр Жапаровду атасы Нургожо Жапаровду акыркы сапарга узатууга жиберүү үчүн уруксат суралууда. Бул тууралуу 20-сентябрда SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди. Ушул тапта Жапаровдун адвокаты СИЗОнун жетекчилиги менен сүйлөшүп жатканы белгилүү болду. Уруксат берилери же берилбеси азырынча белгисиз.
Садыр Жапаровдун атасы бүгүн, 20-сентябрда дүйнө салды.
Эскерте кетсек, 2013-жылы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев да камакта отурган учурда атасынан ажыраган. Түлеевге атасын акыркы сапарга узатуу иш-чарасына катышууга уруксат берилген. Экс-мэр атасынын жаназасына катышып, көрүнө топурак салууга үлгүргөн.