Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралды. Анын жүрүшүндө Садыр Жапаров жарыш сөзгө чыкты.
"Мен бул жерде мыйзамсыз камалып отурам. Бул иште менин күнөөм далилденген жок. Ошондуктан Кудай алдында актоо өкүмүн чыгарып берүүңүздөрдү суранам", - деди Жапаров.
Ал эми прокурор Жыпара Калыбекова Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну сурады.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.