Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын иши каралууда. Конвой айыпталуучуларды сот залындагы темир торго киргизгенде, сотко алардын туугандары менен келген наристелер аталарын көрүп ыйлай башташты. Соттолуучулардын туугандары балдарын аталары менен учураштырып, сыртка чыгарышты.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.